«Кило контент»
ОНЛАЙН МАРАФОНУ
CABAR.asia медиа мектебинин онлайн марафону, социалдык тармактарда сапаттуу контентти түзүү

Борбордук Азияда жоопкерчиликтүү, ишенимдүү таасир этүүчү жаңы муунду куруу
Ошондой эле CABAR.asia медиа мектебинин элчиси болуу, баалуу сыйлыктарды утуп алуу жана эң негизгиси, Англияга саякаттоо мүмкүнчүлүгүн утуп алууну кааласаңыз
"Кило контента" онлайн марафонуна катышыңыз.

Марафон 4 айлампада өтөт, ар бир марафонго катыша аласыз, катышууга эч кандай чектөө жок. Ал эми ар бир мамлекеттен 3 төн жеңүүчү башкы сыйлыкты - Элчи титулун жана Англияга окуу туруна жолдомону талап кыла алат.

Бул марафон ким үчүн?
Марафондун башкы максаты - сапаттуу санариптик калыс контентти түзүү. Жалган маалымат менен күрөшүүгө жана буга чейин айтылбаган окуяларды айтып чыгууга жардам берүү.
Биздин максатыбыз – жарыялаган посттору үчүн жооптуу, фейк жаңылыктарды жайылтпаган жана аудиторияга туура эмес маалымат бербеген, бирок азбы көппү өз коомчулугун жана өлкөсүн тааныткан таасир этүүчүлөргө үн кошуу.
Марафон кандайча өтөт?
* сиз өзүңүз көп текшерген электрондук почта дарегиңизди жазганыңызды жана аны туура жазганыңызды текшерип алыңыз
2-Кадам
Күтүү
Марафон башталаардан бир нече күн мурун, сизге кийинки кадамдар жазылган көрсөтмө кат келет. Ошондой эле биздин телеграмма ботубузга шилтеме болот, ал сизди телеграммада керектүү болгон баарлашуу чаттарга таркатат. Ал жерге марафонго катышып жаткан постторго карата шилтемелерди жиберүү зарыл. Бул болсо, биз силердин постторуӊарды жоготуп албай, соӊунда аларга баа берип чыгуубуз үчүн аткарылууга тийиш.
3-Кадам
Мазмунду түзүү
Сайтта марафонго жарыялоо үчүн темалар жарыяланган. Сиздин милдетиңиз - ушул темалар боюнча контентти түзүү жана аны Дүйшөмбү / Ташкент убактысы боюнча 11ге чейин же Бишкек / Нур-Султан убактысы боюнча 12ге чейин жарыялоо. Ар бир билдирүүгө #teachvscollecabarasia #marathoncabarasia хэштегин кошуп, социалдык тармактардагы баракчаларыбызды белгилеп коюңуз.
Посттун форматы видео, текст, иллюстрация, анимация, графика болушу мүмкүн: Бирок, биз жана аудитория чыгармачылыкты жана мультимедианы чындап жакшы көрөбүз жана баалайбыз :)
Пикирлер
Катышаарыңыздан күмөн санап жатасыздарбы? Былтыркы марафондо биздин жеңүүчүлөр менен таанышыңыз Борбордук Азиядан келген 6 жигиттин ийгиликтүү окуялары бул шилтемеде
Үчүнчү марафонго катталуу мөөнөтү бүттү
You agree with our Terms and Conditions
Марафон №3
Видеосторителлинг. Интернет мейкиндигиндеги социалдык жоопкерчилик
Датасы
2-ноябрдан 6-ноябрга чейин

Посттордун бардыгы видеоформатта (кэпшн, сүйлѳп жаткан адам, анимация, стопмоушн) даярдалууга тийиш.
Жеңүүчү кантип тандалат
Комиссия посттторду томөндөгүдөй критерийлерге ылайык баалап жатат.

  1. Креативдүүлүк
  2. Теманы ачып берүү
  3. Ишенимдүүлүк
  4. Конфликт жана гендердик сезимталдык
  5. Аудиторияны кызыктыра билүү - талкуу жаратууга жөндөмдүүлүк (комментарийлердин саны жана сапаты)
  6. Сторителлинг
Постторду жазууда музыка менен фотосүрѳттѳрдү колдонуу үчүн автордук укукту сактоо абдан маанилүү, тактап айтканда:
1
Фотосүрѳттѳрдү жана сүрѳттѳрдү CCo Licenses лицензиясы менен колдонуу (толук маалымат бул жерде)
2
Фотостокторду колдонуу, СѲЗСҮЗ ТҮРДѲ лицензиянын тибине кѳӊүл буруу (Fotolia, Photogen, Firestock, Morguefile, Flickr)
3
Укук ээсинен уруксат алуу
4
Авторду жана алынган
булакты кѳрсѳтүү
5
Эмбеддерди колдонуу (толук маалымат бул жерде)
6
Тректердин акысыз жана акы тѳлѳнүүчү сервистерин кѳрсѳтүү
(Freemusicarchive, Youtube)
Ошондой эле, тексттериӊер менен видеолоруӊар жок дегенде 70%га уникалдуу болууга тийиш экендигин эскерте кетмекчибиз. Посттордун баары антиплагиаттан текшерилет. Эгер постто цитата болсо, анда булак кѳрсѳтүлүшү керек. Башка бирѳѳнүн контентин уурдап алуу –
ѳтѳ жаман нерсе (ай, ай, ай).

Жеке баракчалардан гана катышууга болот.
FAQ
  • Суроо
    Марафон кандай социалдык тармактарда жүрөт?
    Жооп
    Марафонго Facebook, Instagram, VK.com, TikTok, Twitter, Telegram, Viber каналдарынын колдонуучулары катыша алышат
  • Суроо
    Менин жеңишиме жазылуучулардын саны таасир этеби?
    Жооп
    Жеңишке сиздин контентиңиздин сапаты жана аны түзүүчү катары сиздин интеллектуалдык деңгээлиңиз гана таасир этет (бул жөнүндө кененирээк жеңүүчү кантип тандалат бөлүмүндө айтылган)
  • Суроо
    Марафонго каалаган адам катыша алабы?
    Жооп
    Марафонго каалаган колдонуучу катыша алат, ал эми байгелер сынагына төмөнкүлөр гана катыша алышат: Instagram, TikTok, Twitter колдонуучулары (кеминде 100 жазылуучусу бар), Telegram, Viber, YouTube каналдары (кеминде 50 жазылуучусубар), Facebook колдонуучулары, VK.com (кеминде 500 жазылуучусу бар)
  • Суроо
    Менин жашым 18де, марафонго катышсам болобу?
    Жооп
    Марафонго каалаган курактагы / жыныстагы / улуттагы адам катыша алат. Бирок, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын 18 жаштан 30 жашка чейинки жарандары гана (2021-жылдын 1-январына карата) сыйлык алуу үчүн кайрыла алышат.
  • Суроо
    Социалдык тармактардагы аккаунттар ачык болушу керекпи?
    Жооп
    Ооба, марафондор учурунда жана акыркы жыйынтыктар жарыяланганга чейин, эсептер коомчулук үчүн ачык болушу керек.
  • Суроо
    Үчүнчү марафонго катышам десем, азыр каттоодон өтүшүм керекпи?
    Жооп
    Жок, ар бир марафондун өзүнүн каттоосу болот, ар бирине өзүнчө катталуу керек
  • Суроо
    Мен түшүнбөй жатам, канча жеңүүчү болот жана ар бир марафонго сөзсүз катышуу керекпи?
    Жооп
    Ар бир марафондо ар бир мамлекеттен 3төн жеңүүчү болот (1, 2 жана 3 орундар), бир марафондо жалпысынан 12 жеңүүчү болот. Бир марафондун жеңүүчүлөрү башка марафондордон байге талап кыла алышпайт, бирок ага катыша алышат.
  • Суроо
    Эмне үчүн жаш курагы 30 жашка чейин гана болушу керек?
    Жооп
    Биздин максаттуу аудиториябыз Борбордук Азиянын жаштары болгондуктан ушундай шарт коюлган. Бирок ошол эле учурда, биз баарына катышууга мүмкүнчүлүк беребиз, ошондо алар марафонго катышып жатып үйрөнүп, контентти түзүү көндүмдөрүн өркүндөтүшөт (сюжеттерди айтуу, медиа сабаттуулук, фактыларды текшерүү ж.б.).
Марафондор CABAR.asia медиа мектебинин алкагында өтүүдө

"Media School CABAR.asia" билим берүү платформасы 2018-жылдын аягында IWPRдын Борбордук Азиядагы кеңсеси тарабынан ишке киргизилген. IWPR - жергиликтүү медианын, көз карандысыз журналисттердин жана сөз эркиндигинин өнүгүшүн колдогон эл аралык коммерциялык эмес медиа уюм. IWPR дын программалары дүйнөнүн 30 өлкөсүндө, анын ичинде Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Африка, Борбордук Америка жана Түштүк-Чыгыш Азия республикаларында иштейт. IWPR Борбордук Азияда 1999-жылдан бери иштеп келет.